Акыркы бир сутка ичинде өлкө боюнча COVID-19 жана пневмония оорусу дагы 71 адамдан аныкталды. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова онлайн маалымат жыйыны учурунда билдирди.
Бишкек шаары - 15;
Ош шаары – 1;
Чүй облусу – 4;
Ош облусу - 5;
Талас облусу - 4;
Ысык-Көл облусу – 8;
Жалал-Абад облусу – 15;
Баткен облусу - 19;
Муну менен өлкөдө коронавирус жана пневмония оорусу аныкталгандардын жалпы саны 44 миң 684кө жетти.
Бүгүнкү күндө стационарда 532 бейтап, амбулатордук дарыланууда – 2260 бейтап жатат.