Бүгүн, 26-мартта Өкмөт үйүндө ички иштер министринин орун басары Алмазбек Орозалиев онлайн маалымат жыйын берүүдө.
Жыйында коменданттык саат убагында эрежени бузгандардын арасында чет элдик жарандар бар экени айтылды.
"Коменданттык режим киргенине карабастан эрежени бузгандар чыгууда. Алардын ичинде чет элдик жарандардан 18 адам кармалды. Булардын көпчүлүгү чет жактан келип, Кыргыз өлкөсүндө окуп жаткан студенттер", - дейт Орозалиев.
Буга чейин Бишкек шаарында жалпысынан коменданттык сааттын эрежелерин бузган 195 жаран кармалганы маалым болгон.
Бишкек шаарында өзгөчө абал 2020-жылдын 24-мартынан 15-апрелине чейин Бишкек шаарында өзгөчө абал киргизилген.