Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейтек Атамбаев дагы ооруп, медициналык жардам алып жатканын айтып чыкты.
"Оору эч кимди аябайт жана тандабайт экен. Бүгүнкү абал биздин үй-бүлөбүзгө дагы таасир берди.
"Сактанганды сактайм" дейт Аллахыбыз. Аралыкты сактап, үйгө обочолонуп, бири-бириңиздерге конокко баруудан баш тартып турууга чакырам! Жакшы күндөр али алдыда! Буюрса биз бул илдетти жеңебиз! Ден соолукта болуңуздар", - деп жазган ал.
Сейтек Атамбаев эл үчүн жан үрөп иштеп жаткан эр жүрөк медицина кызматкерлерине, жаштарга, бизнесмендерге, активисттерге ыраазычылыгын билдирген.
Буга чейин Алмазбек Атамбаев эки тараптуу пневмония диагнозу менен президенттин алдындагы иш башкармалыгына караган атайын оорукананын "кызыл зонасында" жатканы маалымдалган.
Ал эми Сеид Атамбаев пневмониядан жабыркап, ооруканада жатканын кабарлаган.