Орусиянын 84 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 5 миң 529 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 150 адам каза болсо, 5 миң 605 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:
Москва шаарында - 730 (айыккандар 1086);
Санкт-Петербург шаарында - 206 (айыккандар 104);
Ростов облусунда - 165 (айыккандар 89);
Москва облусунда - 151 (айыккандар 177) адам жана калгандары башка аймактардан.
Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 73 миң 849 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 18 миң 785и каза болсо, 884 миң 305и айыгып чыкты.