Индияда коронавирустук абал курч бойдон калууда. Мындай абал пандемиянын башталышы гана экенин Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюмунун (ДССУ) атайын өкүлү Дэвид Набарро билдиргенин дүйнөлүк басылмалар жазышууда.
Набарронун айтымында, дүйнөдө калк жыш жайгашкан аймактарда коронавирус тездик менен күчөп жатат. Мисалы, Индияда коронавирус аныкталган 5 миллион адамдын 1 миллиону акыркы 11 күндө катталган. Мындан тышкары, бул өлкөдө коронавирустун тездик менен өсүшү карантиндик чектөөлөрдүн жеңилдетилгендигинен көбөйүүдө.
Индияда акыркы эки жумадан бери сутка ичинде орто эсеп менен 100 миң адамдан илдет аныкталууда.