Ал эми апрель айында ар бир америкалык жаран эмдөөдөн өтүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Мындай маалыматты АКШнын президентинин кеңешчиси Скотт Атласка таянуу менен чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Вакцина эң кеч дегенде 2021-жылдын январь айында даяр болот. Скотт Атластын айтуусу боюнча, ар бир америкалык жарандын аны алууга мүмкүнчүлүгү болот. Ошол эле маалда эмдөөдөн баш тартуу укугу да берилет. Аталган вакцина эффективдүү жана коопсуз экенин анын үстүндө иштеген окумуштуулар айтып келишет", - деп жазылат маалыматта.
Маалым болгондой, 20-сентябрга карата АКШда коронавирусту жуктуруп алгандардын жалпы саны 6 миллион 967 миң 403 адамге жеткен. Коронавирусту жуктуруп алган жана андан каза тапкандар боюнча статистикада учурда АКШ алдыңкы орунда турат.