Өзбекстанда 19 жаштагы кыз үйлөнбөй койгон жигитинин унаасын өрттөп салды

Өзбекстандын борбору Ташкент шаарында 19 жаштагы кыз жигитинин унаасын өрттөп жиберген. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Ички иштер министрлигине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, кыз өрттөгөн унаа анын жигитине таандык болгон. Унааны өрттөөгө жигити үйлөнөм деп убада берип, сөзүнө турбай койгондугу себеп болгон.

19-сентябрда саат 04:10 чамасында ИИМдин нөөмөт бөлүмүнө калаанын 23 жаштагы тургунуна таандык Lacetti Jentra унаасы өрттөлгөндүгү тууралуу билдирүү келип түшкөн.

"Териштирүү учурунда С.Г. аттуу жаран жабырлануучу менен бир нече убакыт бою жакын мамиледе болгондугу аныкталды. Жигити ага келечекте үйлөнөм деп убада берген, бирок айткан сөзүнө турган эмес. Ызаланган кыз жигиттин унаасынын ичине жана сыртына бензин куюп өрттөп жиберген", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
Majit1975
2020-09-20 18:56:05
Молодец
+22
Jelezo
2020-09-20 20:54:01
Бул кыздын теги кыргыз болсо керек эркекче болуптур бул жагы.
+17
Belek1710
2020-09-20 21:13:29
Кыздыгынан айрылса ичи күйдү да, абайлагыла жаштар.
+14
nurhan2702
2020-09-21 16:48:47
Belek1710, доорубочу
-1
Mavlyuda
2020-09-21 07:55:37
Бул кыздарга катуу эскертүү жигиттерге алданбагыла. Никеге чейин эч кандай жакындык мамиле болбошу керек. Машинасын өрттөгөн менен жүрөктөгү так кетпейт да өмүр бою кыздын эсинде калат. Жакшы күйөөгө тийсе го жакшы, мынгыр эркек болсо эстете берип күйдүрөт байкуш кызды
+6
Taalaibek.
2020-09-21 08:22:18
Мыйзам турундо соттош кере. Кыз машинасын толоп берет.
-10
Siezdjanym
2020-09-21 11:08:26
Расс кылыптыр
+5
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан