Бишкектеги кафе, ресторандардын ээлери мыйзамды сактабай жатат. Бул тууралуу бүгүн, 18-майда ички иштер министринин орун басары Мирлан Каниметов онлайн брифингде билдирди.
"Жарандарыбызга кайрылам. Эрежени сактагыла. Бишкек шаары, Ат-Башы, Чаткал райондорунда карантиндик режим сакталууда. Демек, айтылган эрежелер сакталышы керек.
Көбүнчө мыйзам бузуулар Бишкек шаарында болуп жатат. Мисалы, кафе, ресторандардын ээлери бул талаптарды аткарбай, мыйзам бузуп жатышат. Бир-эки күндөн бери ушундай фактылар катталууда. Ооз ачуулар өтүп жатат. Ал гана эмес түнкүсүн кээ бир эс алуу жайлары иштеп жатат. Биз бул көңүл ачуучу жайлардын жетекчилерин жоопко тартып жатабыз", - деди Каниметов.