Кытайда мугалим окуучу туура эмес жооп бергени үчүн аны сабап өлтүрдү

Кытайдын Сычуань провинциясында математика мугалими суроолорго туура эмес жооп бергендиги үчүн башталгыч класстын окуучусун сабап өлтүрдү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Маалыматка ылайык, 10 жаштагы окуучу кыз математика сабагында эки суроого жооп бере албай калган. Туура эмес жооптору үчүн жаза катары мугалим кызды кулактарынан тартып, башына ура баштаган. Ал катуу сабалгандыктан ордунан тура албай калып, ооруканага жеткирилген. Мындан улам окуучу кыз 3 сааттан кийин каза болду.

Анын чоң энесинин айтымында, кыз математика мугалиминин сабагына катышуудан аябай коркчу, анткени ал буга чейин денесинен көп жаракат алып жүргөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Kerryee
2020-09-21 16:15:41
Биздин депутаттарга ушундай Эжеке керек экенда кандай дейсинер?0
+23
XATSAN125
2020-09-21 16:47:45
Kerryee,аны да сатып алышат
+17
Danysh1
2020-09-21 19:08:56
XATSAN125,ха,ха,жарасынго брат кошулам
+5
Mirzita81
2020-09-21 17:44:04
Кытайда адамды баркташпайтта Тообо
+8
chyrok
2020-09-21 22:12:07
Кичинекей кыз боорун ооруйт кытайбы башкабы наристе озун коргой албай
+10
Kari
2020-09-22 18:42:20
Мугалим мыкаачы го а.Озунун баласы жок болсо керек да,бизде бала учун жанынды берейин дейсин.Бироонун баласына болсо да .
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан