"Microsoft" компаниясынын негиздөөчүсү Билл Гейтс коронавирус пандемиясы жакшы жагдайда 2022-жылы аяктарын билдирген. Бул тууралуу ал америкалык телеканалдардын бирине берген маегине таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Эпидемиянын соңу 2022-жылдарга барып калат. Ошентсе да 2021-жылы биз талаптарды так аткаруу менен күрөшүүгө глобалдык түрдө киришсек, вирустун жайылышынын алдын алсак болот. Учурда технология бар, вакциналар чыгып жатат, бул жаатта атайын мыкты адистер иштеп жатат. Ошондуктан бул кырдаал түбөлүккө созулбайт демекчимин", - деген Билл Гейтс.
Белгилей кетсек, Билл Гейтс COVID-19 менен күрөшүү үчүн жеке фондунан 650 миллион доллардан ашык кайрымдуулук кылган.