Бүгүн, 22-сентябрга карата дүйнөдөгү статистикага ылайык, коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 31 миллион 196 миң 543 болду. Анын ичинен 21 миллион 348 миң 410 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 962 миң 793 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 833 миң 800 адамдан коронавирус аныкталды. 199 миң 818 адам каза болсо, 2 миллион 615 миң 949 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 5 миллион 487 миң 580 адамдан аныкталды. 87 миң 882 адам каза болсо, 4 миллион 396 миң 399 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 4 миллион 544 миң 629 адам вируска кабылган. 136 миң 895 бейтап көз жумса, 3 миллион 963 миң 446 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.