Казакстандын беш облусунда - Түндүк Казакстан, Акмоло, Костанай, Павлодар жана Карагандыда үй канаттуулары кырылууда. Бул тууралуу коңшу өлкөнүн айыл чарба министринин орун басарынын билдиргенине таянып, жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
"Ушул тапта беш облуска караштуу 26 райондо жана 47 айылда канаттуулар кырылып жатканы аныкталды. Жеке турак үйлөрдө 12 миң 926 канаттуу өлгөн. Түндүк Казакстан облусунда 41 миңден ашык куш кырылган", - айтылат маалыматта.
Анын айтымында, эки облуста лабораториялык иликтөөлөр жүргүзүлүүдө.
Буга чейин Казакстандын Айыл чарба министрлиги Түндүк Казакстан облусунда "жогору патогендүү куш тумоосу" тараганын, ага каршы күрөшүү чаралары башталганын кабарлаган. Казак бийлиги үй канаттуулары кырылган фермерлерге компенсация төлөнөрүн билдирген.