Александр Лукашенко президенттик кызматка расмий түрдө киришти

Беларусь өлкөсүнүн президенти Александр Лукашенко расмий түрдө президенттик кызматка киришти. Инаугурация аземи Минс шаарындагы мамлекет башчынын резиденциясында болуп өттү. Бул тууралуу дүйнөлүк маалымат каражаттары жазышууда.

Маалыматка ылайык, ант берүү аземи бүгүн, 23-сентябрда болуп өттү. Анда өлкө башчысы конституцияга ылайык, беларусь тилинде ант берип, тиешелүү документке кол койду.

Лукашенко өлкөдө 9-августтагы шайлоодон кийин нааразычылык акциялары тынчыбай жаткан шартта ант берди. Ал Беларусту 26 жылдан бери башкарып келет.

Белгилей кетсек, инаугурация тымызын даярдалып, анын датасы тууралуу алдын-ала айтылган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан