Орусияда бажы кызматкерине пара сунуштады деген шек менен Кыргыз жараны кармалды

Орусияда бажы кызматкерине 300 миң рубль өлчөмүндө пара бергенге шектелип Кыргыз жараны кармалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, Кыргыз жараны Орусиянын аймагына маркировкадан өтпөгөн 70 миң бут кийим киргизүүгө аракет жасаган. Текшерүүдө товар жүктөлгөн унаа Орус-Казак чек арасындагы "Бугристое" көзөмөл өткөрүү бекетинде орусиялык бажы кызматкерине пара сунуштаган. Бирок ал акчаны албастан, Челябинск бажысынын коррупцияга каршы күрөшүү бөлүмүнө кабарлаган. Пара берүү фактысы каттоого алынып, шектүү колго түшүрүлгөн.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатканы жазылат маалыматта.




РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
sirgak_92
2020-09-24 08:55:43
Кыргызстандын бажысына окшоштуруу да Берсем ала койот деп.
0
Noon
2020-09-24 09:01:46
Кыргызстандан көрдү да, биздикилер акчага атасын кошуп сатат.
+2
al-abu-kinesz
2020-09-24 09:12:24
Паракорлор бут эле жерде бар, просто честный оруска попал болуп калыптыр да. Результат учун иштеди да ким болсо да
+6
bond02
2020-09-24 11:20:16
Берген нерсени жон эле ала бербейби десен ырыс кесер.
+5
AdylbekB84
2020-09-24 12:15:46
Отчётко керек болуп калыптырда демек, болбосо орустардын таможнясында тургандар, пограндары мигранттар кирди- чыкты печатька барганда акыркы акчасына чейин тилемчиленип суранып отурушатко!
+6
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан