Республикалык штаб кафе, ресторандарда той өткөрүп жаткан ишкерлерге админстративдик чараларды күчөтүү менен айып пулдун өлчөмүн жогоруталуу боюнча мүмкүнчүлүктөрдү талкуулашты. Бул тууралуу республикалык ыкчам штабдын жыйынында айтылганын өкмөттүн басма сөз кызматынан билдиришти.
Ага ылайык, вице-премьер-министр Алмазбек Баатырбеков ишкерлер коронавируска каршы күрөшүүгө жардам берүүнүн ордуна ар кандай амалдарды жасап, адамдарды кафе, ресторандарынын артындагы эшиктеринен киргизип, тойлорду жашыруун өткөрүп жаткандарын айтканы маалымдалат.
"Саламаттыкты сактоо министрлигинин өкүлдөрү өлкөнүн айрым райондорунда коронавирус инфекциясынын тастыкталган учурлары жана өпкөсү сезгенгендер көп катталып жатканын билдиришти. Бул жарандардын бет кап тагынбай калышына жана эл көп чогулган иш-чараларды өткөрбөө талабынын сакталбашына байланыштуу экени белгиленди.
Жыйындын катышуучулары кафе жана ресторандарда ар кандай салтанаттар өткөрүлүшү боюнча учурлар байма-бай катталып жатканын белгилешип, массалык иш-чараларды өткөрүү жана айып пулдун өлчөмүн көбөйтүү үчүн административдик чараларды күчөтүү мүмкүнчүлүгү тууралуу талкуулашты.
Алмазбек Баатырбеков тойлорду жана башка массалык иш-чараларды өткөрүү боюнча абал өзгөрбөсө, өкмөт мыйзамга ылайык башка чараларды кабыл аларына токтолду.
Жыйындын соңунда көзөмөл жүргүзгөн тармактарга бир катар тапшырмалар берилгени айтылат маалыматта.