Өзбекстандын Кашкадарыя облусунун Касан районунда жашы жете элек кызын зордуктап жүргөн деп шектелип 40 жаштагы жаран кармалды. Бул тууралуу өзбекстандык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, ата жашы жете элек кызына күч колдонуп бир нече жолу зордуктаган. Кыз атасынын аракетине каршылык көрсөткөндө "бычактап өлтүрүп, апаңды өрттөп салам" деп коркутуп, бетин жаздык менен басып, сексуалдык муктаждыгын канааттандырган.
Учурда кыз Касан районундагы ооруканага жаткырылып, атасы камакка алынган.