Өлкө боюнча 289 бала бакча реалдуу режимде иштеп жатат

Республика боюнча 289 бала бакча реалдуу режимде иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 8-декабрда Билим берүү жана илим министрлигинин мектеп жана мектептен тышкаркы билим берүү бөлүмүнүн башчысы Марат Усеналиев билдирди.

Маалым болгондой, Жалал-Абад облусунда 3 муниципалдык, 1 ведомстволук, 17 жеке менчик, Ош облусунда 61 мамлекеттик-муниципалдык, 18 жеке менчик, Баткен облусунда 53 муниципалдык, 21 жеке менчик, Чүй облусунда 18 муниципалдык, 43 жеке менчик, ошондой эле Бишкек шаарында - 52 жеке менчик жана 2 ведомстволук мектепке чейинки билим берүү мекемелери реалдуу режимде иштөөдө.

Марат Усеналиевдин айтымында, райондук, шаардык билим берүү бөлүмдөрү, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдүн аймактык борборлору тарабынан мектепке чейинки билим берүү уюмдарына мониторинг жүргүзүү, дезинфекциялоо жана уюмдардын толук кандуу иштөөгө даярдоо боюнча иштер улантылууда.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан