Саламаттыкты сактоо министрлигинин коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын жетекчиси Айнура Акматова көрүлүп жаткан чаралар тууралуу маалымат берип, журналисттердин алдын ала кат түрүндө берилген суроолоруна жооп берүүдө.
Өкүлгө "Социалдык тармактарда Ирандан келген 2 айдоочудан коронавирус аныкталды делген маалымат тарап жатат. Бул маалымат чынбы?" деген суроо берилди.
"Ирандан келген айдоочулар атайын текшерүүдөн өткөн, аларда коронавирустун эч кандай белгилери байкалган эмес. Мындан улам тарап жаткан маалымат чындыкка дал келбейт", - деп жооп берди Акматова.
Айта кетсек, өлкөгө Иран мамлекетинен жалпы 60 айдоочу келген.