Казакстандын Нур-Султан шаарында дарыгерлердин жылмайган сүрөттөрү Атырау көпүрөсүн кооздоду. Бул тууралуу казакстандык басылмаларда жазылды.
Маалыматка ылайык, Атырау көпүрөсүндө (велосипед өтүүчү өтмөктө) жергиликтүү медицина кызматкерлеринин жылмайып түшкөн сүрөттөрү илинген. Мындай сүрөт көргөзмөсүн Руслан Мазунин аттуу профессионал сүрөтчү уюштурган. Ал ушундай жол аркылуу медкызматкерлерге ыраазычылык билдирүүнү туура көргөн.