Бүгүн, 19-апрелде Ноокат районунда 67 жаран обсервациядан чыгарылат. Мындай маалыматты Ноокат районунун акими Давранбек Маматалиев билдиргенин республикалык штабдан кабарлашты.
"Ноокатта 67 жаран обсервациядан чыгарылат. Аталган райондо 10 обсервациялык жай даярдалган, алар 700 орунга ылайыкталган", - деп билдирди Ноокат районунун акими.
Бүгүнкү күнгө карата өлкөдө коронавирус менен ооругандардын жалпы саны 554кө жетти.