
Бүгүн, 28-сентябрда эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу кабыл алынган чечимдер республикалык штабдын тапшырмасы менен кайрадан каралып чыкты.
Анда жер-жерлерде, райондук администрация жана шаардык мэрияга коомдук транспорттун айдоочулары жана жергиликтүү тургундар кайрылып, кабыл алынган чектөөлөр алардын турмуш шартына түздөн-түз таасир этерин айтып, коомдук транспорттун, мал базарлардын жана мечиттердин кадимки нукта иштөөсүнө уруксат сурап, бардык санитардык талаптарды сактай тургандыктарын айткан сунуштары эске алынды.
Мындан улам облустук штаб маселени кайра карап чыгып, санитардык талаптарды сактоо менен иштөөгө уруксат берди.
"Бирок облуста катуу көзөмөлдөгү бет кап режими жана той-аштарга болгон чектөөлөр күчүндө калды. Ал эми базарларда, соода борборлорунда, дүкөндөрдө, тамактануучу жайларда, коомдук жайларда санитардык талаптардын аткарылышы боюнча күн сайын рейд жана дезинфекциялоо иштери жүрөт, баш ийбегендерге мыйзам чегинде чара көрүлөт", - деп кабарлашты республикалык штабдан.