Дональд Трамптын мурунку менеджери өз жанын кыюуга аракет кылды

АКШнын президенти Дональд Трамптын мурунку менеджери Брэд Парскейл өз жанын кыюуга аракет кылып, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Полиция өкүлдөрүнүн айтымында, Брэд Парскейл өз үйүндө суицид жасоого аракет кылган. Мындан улам анын аялы полиция чакырып, алардын жардамы менен Парскейл куткарылып, ооруканага жаткырылган.

Перскейлдин өз жанын кыюусуна анын жасаган иштерине президент Трамп ыраазы болбой кызматынан төмөндөткөнү себеп болгон. Мындан тышкары менеджер өзүнүн фирмаларынын эсебине миллиондогон доллар каражатты үгүт иштерине алгандыгы үчүн сынга алынганы түрткү болгону айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан