"Кайра көбөйүүдө". Орусияда сутка ичинде 9 миңге чукул адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 8 миң 945 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 169 адам каза болсо, 5 миң 985 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 2424 (айыккандар 1211);

Санкт-Петербург - 285 (айыккандар 143);

Москва облусунда - 230 (айыккандар 171)

Ростов облусунда - 205 (айыккандар 311) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 185 миң 231 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 20 миң 891 адам каза болсо, 964 миң 242 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан