Орусияда COVID-19'дун британиялык штаммы 81 адамдан табылды. Бул тууралуу керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдардын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматына (Роспотребнадзор) таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматта жазылгандай, коронавирустун жаңы британиялык штаммы аныкталган 81 адамдын ичинен алты адамдан COVID-19'дун түштүк африкалык түрү аныкталган.
"Биз эмне болгон күндө дагы башка өлкөлөр менен карым-катышта болобуз. Илдеттин жаңы түрү аныкталгандардын баары сырттан келгендер", - деген Керектөөчүлөрдүн укуктарын жана адамдардын бакубаттуулугун коргоо жаатындагы көзөмөл боюнча федералдык кызматынын (Роспотребнадзор) жетекчиси Анна Попова.
Эске салсак, буга чейин декабрь айынын аягында Улуу Британиянын бийлиги өлкөдө аныкталган коронавирустун жаңы түрү (британиялык штамп) демейдегиден 70 пайызга көп жугуштуу болушу мүмкүн экендигин айтып, калктан андан этият болууну талап кылганы айтылган.
Акыркы маалыматтарга ылайык, COVID-19'дун британиялык штамм 130 өлкөдө табылган.