Акыркы бир сутка ичинде өлкөдө коронавирус инфекциясынан 154 бейтап айыгып, ооруканалардан чыгарылды. Бул тууралуу саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев билдирди.
Бишкек шаары – 6;
Ош шаары – 34;
Чүй облусу – 5;
Ош облусу – 47;
Нарын облусу – 2;
Талас облусу – 2;
Ысык-Көл облусу – 12;
Жалал-Абад облусу – 19;
Баткен облусу – 27.
Муну менен өлкөдө коронавирустан айыккан адамдардын жалпы саны 43 миң 137 адамга жетти.