Бүгүн, 2-октябрда Армениянын аба күчтөрү Азербайжан аба күчтөрүнүн дагы беш учагын жана үч тик учагын атып түшүрдү. Бул тууралуу Армениянын Коргоо министрлигинин өкүлү Арцрун Овванесян социалдык тармактагы баракчасына жазган.
"Саат 16:00 чамасында (Бишкек убактысы боюнча 18:00) Армениянын абадан коргонуу бөлүгүнүн так соккусу менен душмандын беш учагы жана үч тик учагы атып түшүрүлдү", - деген Овванесян.
Учурда эки өлкөгө аскер абалы жарыяланып, абал оор бойдон калууда.