"Ооруканалар эшигин ачпай, бейтаптарды кабыл албай койгон учурлар мындан ары кайталанбашы керек" дейт өкмөт башчы

Премьер-министр Кубатбек Боронов бир дагы бейтап медициналык жардамсыз калбашы керектигин республиканын медициналык мекеме жетекчилери менен жолугушуу учурунда билдирди. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты.

Өкмөт башчы белгилегендей, жакынкы жана алыскы чет мамлекеттерде коронавирустук инфекцияны жуктуруп алуу учурлары көбөйүп жаткандыгы байкалууда.

"Учурда өлкөдө абал жөнөкөй эмес, айрым райондордо вирус тастыкталган учурлар жогорулап жатат. Пандемия ата мекендик саламаттыкты сактоо тутумундагы бир катар олуттуу көйгөйлөрдү ачыктады, медициналык "Тез жардам" станциялары менен стационардык медициналык мекемелер ортосунда карама-каршылыктар байкалып жатты. Ар кандай себептер менен ооруканалар бейтаптарды кабыл албай, адамдар медициналык жардам ала албай оорукананын оозунда калган учурларга күбө болдук. Мындан ары андайга жол берилбеши керек. Бир дагы адам квалификациялуу медициналык жардамсыз калбашы керек", - деди ал.

Кубатбек Боронов профилине карабастан медициналык "Тез жардам" станциялары жана башка медициналык мекемелер ортосундагы натыйжалуу өз ара аракеттешүүнү жөнгө салууну тапшырды.

"Медициналык "Тез жардам" станцияларынын диспетчерлери онлайн режимде көзөмөл жүргүзүп, кайсы ооруканада канча бош палата жана орун бар экендигин так билиши зарыл, ал эми "Тез жардам" бригадасы бейтапты кайда жайгаштырарын билиши абзел. Мында бардык ооруканалар жана медициналык мекемелер милдеттүү түрдө "Тез жардам" линиясы аркылуу жеткирилген оорулууларды кабыл алышы жана тийиштүү көмөк көрсөтүүсү зарыл. Дагы бир ирет кайталап кетем, ооруканалар эшигин ачпастан, бейтаптарды кабыл албаган учурлар мындан ары кайталанбашы керек", - деп белгиледи.

Премьер-министр Саламаттыкты сактоо министрлигине Бишкек шаардык медициналык мекемелеринин биринде көп тармактуу күнү-түнү иш алып барган медициналык "Тез жардам" станциясынын ооруканасын түзүүнү тапшырды, анда бейтапка ыкчам тартипте көмөк көрсөтүп, дартын аныктап, андан соң тармактык мекемеге жөнөтүүнү тапшырды.

"Бул маселе чечилгиче, ар бир медициналык мекемеде кабыл алуу бөлүмүн ыкчам тартипте ачууну жана аны тийиштүү сандагы адистер менен камсыздоону тапшырам."

Өкмөт башчы белгилегендей, учурда коронавирустук инфекциянын жайылышына каршы күрөшүү – саламаттыкты сактоо тутумунун негизги милдети болуп саналат. Бирок бул башка оорулуулар адистештирилген медициналык көмөктөн сыртта калат дегенди түшүндүрбөйт.

"Бардык медициналык кызматкерлерге COVID-19 пандемиясына каршы күрөштө жана кыйын кырдаалда адамдарды дарылоодо көрсөткөн көмөгү үчүн ыраазычылык билдирем. Ар бир адис адамдардын өмүрү жана ден соолугу үчүн зор салымын кошту. Коронавирустук инфекция пандемиясы көйгөйлүү тилкелерди көрсөттү. Бирок медициналык кызматкерлердин берилүү менен жана ырааттуу иш алып баруусуна жараша кыска мөөнөттө, дээрлик үч аптада абалды көзөмөлгө алууга мүмкүн болду", – деди Кубатбек Боронов.

Кеңешменин жүрүшүндө медициналык "Тез жардам" бригадаларынын ишин өркүндөтүү жана заманбап технологиялардын жардамы аркылуу медициналык мекемелер аралык өз ара аракеттешүү натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча план көрсөтүлдү.

Кеңешменин катышуучулары пандемия жана COVID-19 боюнча абалдын курчушу ыктымалдуулугун эске алуу менен өлкөнүн шаар жана аймактарында саламаттыкты сактоо тутумунун ишин жакшыртууга багытталган бир катар чараларды сунуштады.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан