SUPER.KG порталына атын жашырууну туура көргөн мектеп жашындагы үч баласы бар жалгыз бой эне жардамга муктаж экенин айтып, кайрылды. Анын айтымында, ага карантинде эч кандай жардам болбой, учурда балдары менен кыйналып жатат.
"Батирде турам, азыркы шартка байланыштуу үч айдан бери батир акчасын төлөй албайм, үч балама айына 800 сомдон жөлөк пул алам. Эч жерде иштебейм, балдарым телефондо бирдиктин жоктугуна байланыштуу онлайн сабакты окуй албай калышты. Мугалимдерге кайрылсам, Мегаком сим-карта алгыла дешти. Сим-карта эмес, күнүмдүк нанга акча таппай жатабыз.
Балдарымды мектептен көчүрбөй коёт деген санаа түн уйкумду бөлөт. Жумуш жок, болгон күнү деле кантип барып иштейм, билбейм. Өлбөстүн күнүн көрүп жашап келебиз. Чындап келсе, эки айдан бери эт менен тамак иче элекбиз. Бул кыйналган күндөр өтүп, жакшы жашоо келет деген үмүтүм зор", - дейт жалгыз бой эне.
Жардам берүүнү каалагандар Көк-Жар айылы, Алымбаев көчөсү 54-үйгө же 0(708) 05 07 11 номерине чалып байланышса болот.