Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) баш катчысы Антонио Гутерреш Кыргыз өлкөсүндө болуп жаткан кырдаал боюнча кайрылуу жасады. Анын кайрылуусун башкы катчынын өкүлү Стефан Дюжаррик чет элдик басылмаларга билдирген.
"БУУнун башкы катчысы каза болгон адамга кайгырат. Ошол эле учурда болуп жаткан окуянын бардык катышуучуларын сабырдуулукка жана зордук-зомбулуктан алыс болууга чакырат", - деген Дюжаррик.
Анын айтымында, Гутерреш Кыргыз өлкөсүндөгү окуянын катышуучуларын бир чечимге келүүгө чакырат. Өз кезегинде БУУ учурдагы кырдаалды тынчтык жолу менен чечүүгө багытталган аракеттерди колдоого даяр.