Орусияда сутка ичинде 11 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 11 миң 493 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 191 адам каза болсо, 7 миң 54 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 3323 (айыккандар 1341);

Санкт-Петербург - 461 (айыккандар 231);

Москва облусунда - 433 (айыккандар 235);

Ростов облусунда - 261 (айыккандар 249) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 260 миң 112 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 22 миң 56 адам каза болсо, 1 миллион 2 миң 129 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан