"Ухан вирусу": Дүйнөдө коронавирустан 10 миллион 300 миңге жакын адам айыкты

Бүгүн, 1-августка карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 17 миллион 531 миң 59 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 10 миллион 272 миң 824 бейтап айыгып чыкса, 678 миң 695 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 4 миллион 560 миң 904 адамдан коронавирус аныкталды. 153 миң 36 адам каза болсо, 1 миллион 438 миң 160 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Бразилия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 2 миллион 662 миң 485 адамдан аныкталды. 92 миң 475 адам каза болсо, 1 миллион 988 миң 889 бейтап айыкты.

Ал эми Индия үчүнчү орунда. Индияда 1 миллион 638 миң 870 адам вируска кабылган. 35 миң 747 бейтап көз жумса, 1 миллион 57 миң 805 бейтап оорудан сакайган.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан