Ухан вирусу: Дүйнөдө коронавирус жуктуруп алгандардын саны 40 миллиондон ашты

Бүгүн, 20-октябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын жуктуруп алгандардын саны 40 миллион 327 миң 407 болду. Анын ичинен 27 миллион 613 миң 877 бейтап айыгып чыкты. Тилекке каршы, 1 миллион 117 миң 252 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 8 миллион 210 миң 849 адамдан коронавирус аныкталды. 220 миң 88 адам каза болсо, 3 миллион 272 миң 393 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия турат. Бул өлкөдө коронавирус инфекциясы 7 миллион 550 миң 273 адамдан аныкталды. 114 миң 610 адам каза болсо, 6 миллион 663 миң 608 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Аталган өлкөдө 5 миллион 250 миң 727 адам вируска кабылган. 154 миң 176 бейтап көз жумса, 4 миллион 526 миң 393 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан