Президент аш, той өткөргөндөрдү кыргыз элине кылынып жаткан кыянаттык катары баалады

Президент Сооронбай Жээнбеков бүгүн, 30-июнда Жогорку Кеңеште өкмөт мүчөлөрү ант бергенден кийин сөз сүйлөдү. Ал ошондой эле өлкөдө аш, тойго уруксат берилбесе да көп киши чакырып иш-чара өткөргөндөр болуп жатканын белгилеп, муну жалпы кыргыз элине кылынып жаткан кыянаттык катары баалады.

"Айрыкча Бишкек шаарында ооруну жугузгандардын саны көбөйдү. Буга медициналык талаптардын сакталбаганы негизги себеп болууда. Тилекке каршы коомдук жайларда, өндүрүш ишканаларда, транспортто, ири соода жайларында санитардык-гигиеналык эрежелер сакталбай жатат. Көп адамдар катышкан аш, тойлорду, эл көп чогулган башка салтанаттарды өткөрүү кайрадан башталды.

Бардык бийлик бутактары биригип, жалпы эл коронавирус илдетин ооздуктоого бар күч-аракетин жумшап жатса, эч кимди көзгө илбей той өткөргөндөрдө уяты, элди сыйлоо деген сезимдердин болбогону өкүндүрөт. Акыркы убакта дал ушул массалык иш-чаралардан инфекция жугузгандар көбөйүп жатат.

Республикалык штаб, жергиликтүү бийлик мындай жосунсуз жоруктарды көрмөксөн, укмаксан болгонго акыңар жок! Тиешелүү талаптарды сактабагандардын баарына мыйзамдуу чаралар көрүлүшү керек.

Республикалык штаб абалдын оорлошуп баратканына себепкер болгон мындай тойлорго расмий түрдө тыюу салуу чарасын карап чыгууга мезгил жетти. Ар бирибиз жоопкерчилик менен аң-сезимди өзгөртпөсөк, илдетти жеңүү мүмкүн эмес.

Бул илдеттин коркунучу олуттуу экенине көптөгөн жарандарыбыз дагы эле маани бербей жатат.

Айрымдардын "илдет жок, бул - саясат" дегендерине эл ишенип, адамдар жалган сөздүн курмандыгы болгону турат. Мен кайталап эскертейин - бул оорунун коркунучу азыр да сакталууда. Андан бир гана Кыргыз өлкөсү жапа чегип жаткан жок. Жалпы дүйнө жабыркап, көптүн айласы кетип жатат", - деди Жээнбеков.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
asash
2020-06-30 12:13:35
Бар экенсиз го урматтуу президент, ар бир болуп жатат окуя боюнча ойунузду айтып туруш керек, тымпыйыып жайлап алган баладай олтура бербей,сиздин ар бир айткан ой пикириниз багыт болуп саналат
+7
Bars88
2020-06-30 13:31:06
Озу чек араны жакшылап жабыш керек эле.Мына азыр ушу маалда Россиядан келгендер айтып атат келгенде кадимкидей баалашышат экен дейт.Семянды коргун келип атабы же 15 кун жаткын келип атабы деп 2000 берип жатпай чыктым дейт бироолор
+2
talaa11
2020-06-30 14:07:46
Менинда сасеттерим коншу Казак жергесинен келип атат обсервацяга жатпай эле эл менен аралашып журушот
+2
Baktyluumun98
2020-06-30 15:30:50
Абалдын оорлошконуна Момбеков менен Мадумаровдун дагы салымы бар. Экоонун каронавирус жок деп айткандары интернет булактарына жайылып кетти. Аран турган элге Кудай берди. Эл ишенбей атып ушул акыбалга келдик. Биздин айылдагы больницага киши батпай калды. Бул эмне деген шумдук! Мадумаров менен Момбеков жоопко тартылсын.
0
-BOSS-
2020-06-30 17:37:14
Baktyluumun98, ар ким өзү үчүн жооп берет, папылдап көп сүйлөгөндөн башканы билбеген саясатчыларга ишенген өздөрүндө күнөө!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан