Орусияда аймактык оорукананын өлүкканасында коронавирустан каза болгон адамдардын сөөктөрү топтолгон видео тарады

Орусиянын аймактык ооруканасынын өлүкканасында коронавирустан каза болгон адамдардын сөөктөрү топтолгон видео тарады.

Орус басылмаларынын маалыматына ылайык, коронавирус илдетинен улам каза болгон адамдарды өлүкканага алып келип, ал жерде алардын жансыз денелерин жабууга үлгүрбөй жатышат. Мындан сырткары карантин болгондугуна байланыштуу каза болгондордун сөөктөрүн жакындары алып кетүүдө көйгөйлөр жаралып жаткандыгы айтылган.

Өткөн аптада социалдык тармакка Новокузнецкте тартылган видео тарап, көпчүлүктүн талкуусунда калган. Видеодо каталкада жана полдо кара мүшөктөргө салынган жансыз денелердин көптүгү тартылган.

Оорукананын өлүкканасында жансыз денелер көптүгүнөн ага жетиштүү орун жок, аларды жер төлөдө сактап жаткандыгы айтылат маалыматта.

Орусияда 1 миллион 537 миң 142 адам коронавирус илдетине кабылса, 26 миң 409 бейтап каза болгон.








Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
interpol
2020-10-28 17:21:48
Дүйнөдө биринчилерден болуп ваксинасын чыгардык деп мактанып атат элеңер го куткарбайсыңарбы
+8
asefsa
2020-10-28 19:49:58
Таба эмес тообо дейли, Ээ Жараткан Аллахым озун сактай кор жугуштуу ооруудан Элимди Эл ичинде бизди дагы!
+22
Ariz0112
2020-10-29 07:34:40
Элибизге тынчтык, ден-соолук оорууларга шыфаа бер Аллахым.
+2
Akoga
2020-10-29 14:16:02
Калп мактанган,өпкө орустун кылыгы, кана вакцина. Жээ арактан колу бошобой жатабы. Коңшуларына бүзүкүлүк кылганды эле билет.
0
Nurzat2020
2020-10-29 15:03:37
Элди дагы дурболон кылайын деп ар нерсени чыгара башташтыбы?элдер деле бир карантинди коруп тушунуп билип калдык,кайсы чын кайсы жалган экенин,ишенбей эле койгула мындай такталбаган маалыматтарга.Дуйнодо озу жылына канча миллиондогон адам олот карантин маалында деле ошондой эле болду башка жылдагыдай,башка оору менен ооруса деле каронавирус деп чыгарып атышат.Вакцинасы тынчып калды го мактанып атышкан.
0
Nurtoruk
2020-10-29 16:06:11
Ишениш кыйын
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан