Коронавирустун жаңы штаммын өлкө аймагына киргизбөө үчүн алгоритм иштелип чыкты

Башка өлкөлөрдө катталып жаткан коронавирустун жаңы штаммын өлкөгө киргизбөө максатында алгоритм иштелип чыкты. Ага ылайык, 23-январдан тартып өлкөгө келген ар бир жаранда коронавирус инфекциясы менен жабыркабайт деген аныктамасы болушу шарт.

Бул тууралуу "Манас" эл аралык аэропортунун Бишкектеги филиалынын директору Бекбача уулу Бакытбек брифинг учурунда билдирди.

Борт коштоочулары тарабынан бортто коронавирустук инфекцияга шектелген жүргүнчүлөр жөнүндө маалымат алынгандан кийин байланышта болгон адамдар такталат. Байланышта болгон адамдар катары: алдыдагы 2 катарда, арттагы 2 катарда жана 1 катар жанында жайгашкан жүргүнчүлөр эсептелет жана алар жашаган жери боюнча медициналык көзөмөлгө алынышат.

SARS-CoV-2 менен ооруган бейтап менен байланышкан адамдарды аныктоо керек болсо эл аралык "Манас", "Ош", "Ысык-Көл" аэропорттору саламаттыкты сактоо кызматкерлерине жүргүнчүлөрдүн тизмесин берет.

Учак Кыргыз өлкөсүнүн эл аралык аэропортторуна келгенден кийин медицина кызматкерлери учактын бортунда аэровокзал комплекстеринин учуу залында жарандардын дене табын өлчөшөт.

Жүргүнчүлөрдүн жана экипаж мүчөлөрүнүн арасынан клиникалык белгилери (дене табынын көтөрүлүшү, жөтөл ) аныкталса "Тез жардам" кызматы тарабынан ооруканага жеткирилет.

Клиникалык белгилери жок адамдар андан ары дареги боюнча баруу үчүн өткөрүлөт.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан