Эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу Ала-Букада мал базардын иши белгисиз мөөнөткө токтотулду

Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районунун айыл аймактарында дем алыш күндөрү жайма жана мал базарлар иштебейт. Базардын ишмердүүлүгү белгисиз мөөнөткө токтотулганын Жалал-Абад ОИИБинин маалымат кызматынан кабарлашты.

"Ала-Бука районунда жума жана ишемби күндөрү жергиликтүү тургундар үчүн бир күндүк мал базар жана кийим сатуучу жайлар иштеп келген. Ал эми жекшемби күнү Чаткал, Ала-Бука, Аксы райондорунун тургундары борбордук базарга келип, жайма базар жана мал базарда иштешчү. Мындан ары эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу райондук штабдын чечиминин негизинде бул базарлар ишин убактылуу белгисиз мөөнөткө токтотот.

Буга байланыштуу Ала-Бука РИИБдин кызматкерлери тарабынан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, мал базарга алыскы аймактардан келүүчү тургундарга убара тартып келбөө керектиги эскертилди. Мындан сырткары милиция кызматкерлери көңүл ачуу борборлорунда, соода түйүндөрүндө, коомдук тамактанууу жайларында санитардык эрежелердин сакталышын, санитардык эпидемиологиялык көзөмөл борборунун кызматкерлери менен биргеликте текшерүүгө алышууда", - дешти маалымат кызматынан.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан