Пандемия учурунда Бишкек шаарындагы бир райондон эреже бузган тойканаларга 1 миллион 773 миң сом айып пул салынды

Бүгүн, 10-ноябрда Бишкек шаардык мэриясында өлкөдөгү эпидемиологиялык кырдаал боюнча жыйын өтүүдө. Анда вице-премьер Эльвира Сурабалдиева, шаар мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев катышууда.
Ленин районунун акими Чыныгал Чыныбаев райондогу абал менен тааныштырды.

"Ленин районунда 4 бригада иштеп жатат. Ноябрь айынан бери жумушту күчөттүк. Район аймагында 4 стационар жайгашкан. Керектүү учурда ачканга даярбыз. Анда 230 орундук бар. Эң көйгөйлүү маселе болуп аптасына бир жолу бир күн санитардык нормаларды аткаруудабыз. Ошондой эле базарларга жарандар бет кап кийбестен санитардык нормаларды сактабай жатканы. 95 пайыз бизде жайгашкан тойканаларда тойлор өтүп жатат. Эреже бузган тойкана, түнкү клубдарга жалпысынан 1 миллион 773 миң сомго айып пул салынган. Ленин районунда 2 кинотеатр жайгашкан", - деди район акими.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан