"Ухан вирусу": Дүйнөдө 35 миллиондон ашуун жаран илдеттен сакайды

Дүйнөдө бүгүн, 17-ноябрга карата коронавирус инфекциясын 54 миллион 967 миң 255 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 35 миллион 210 миң 273 бейтап айыгып чыкса, 1 миллион 323 миң 93 адам каза болду.

Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 11 миллион 190 миң 611 болду. 247 миң 142 адам каза болсо, 4 миллион 244 миң 811 бейтап айыгып чыкты.

Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 8 миллион 845 миң 127 адамдан аныкталды. 130 миң 70 адам каза болсо, 8 миллион 249 миң 579 бейтап айыкты.

Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 5 миллион 863 миң 93 адам вируска кабылган. 165 миң 798 бейтап көз жумса, 5 миллион 279 миң 452 бейтап оорудан сакайды.

Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университетинин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан