25-майдан тартып коомдук транспорттор жана кийим-кече саткан ири базарлардын иштөөсүнө уруксат берилет

Бүгүн, 19-майда биринчи вице-премьер-министр Кубатбек Боронов 21-майдан 25-майга чейин кайсы тармактын ишмердүүлүгү жандана турганын айтты. Ага ылайык:

21-майдан баштап ишке киргизилүүчү тармактар:

- Калкты тейлөө борборлору, Мамлекеттик каттоонун бардык тармагы ишке кирет;

- Автоунааларды тейлөөчү борборлор;

- Калкты тиричилик жактан тейлөө, техникаларды оңдоо;

- Эмерек чогултуу, эмерек жасоо;

- Соода борборлору, соода оюн-зоок борборлору иштейт. Андагы тамактануучу жайлардан жана балдар ойногон жайлардан башка жайлары ишке кирет;

- Азык-түлүк эмес товарларды сатуу жана пункттары ишке кирет;

- Автоунаа жана мал базарлары иштей баштайт;

- Жеке менчик репетитор кызматтары;

- Менчик мончо жана СПА-борборлору иштейт. Коомдук ири мончолор жана сауналарга уруксат жок;

- Мейманкананын иштешине уруксат берилет, бирок андагы бассейн жана спорт залдарын иштетүүгө тыюу салынат;

25-майдан баштап иштей турган тармактар:

- Соода-сатык чөйрөсүндөгү кийим-кече сатуучу жайлары. Бишкектеги "Дордой", "Аламүдүн", "Ош базары", Оштогу "Кара-Суу" жана башка аймактардагы ири базарлар;

- Коомдук транспорт, тагыраагы, автобус жана троллейбустар, маршруттук таксилер ишке киргизилип, жүргүнчүлөр сөзсүз түрдө бет кап тагынышы керек.

- 50 кишиден ашпаган кишиге ылайыкташкан жайкы кафе, ресторандардын иштөөсүнө уруксат берилет:

Музейлер, китепканалар, галереялар ачылат.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (7)
rysik79
2020-05-19 15:00:47
Аябай жакшы жанылык. Кудайым бизге эркиндикти кут кылсын!
+11
Arman007
2020-05-19 15:21:09
Кудайга шугур иштеп баштайлык антпесе чындап эле кыйын болду уйдо отуруп
+5
Baatirbek81
2020-05-19 20:23:13
Жашоо башталат турбайбы
+3
vikidiki
2020-05-19 20:56:17
Ушундай эле болсо экен! Айнып кетишпей!
+1
Merelisha
2020-05-19 21:03:59
Йесс))
+1
sirenaaaaa
2020-05-19 21:08:37
Элдер маскасы жок эле журушот го кочодо. Таксисттерде деле копчулугундо коргон жокмун. Антисептик эмес, маскалары деле жок иштеп журушот
+2
amin1986
2020-05-20 03:37:06
Жакшы жанылык,бирок ото кооптуу вирус жайылып кетиши мумкун кайра
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан