Бүгүн, 24-ноябрга карата дүйнөдө коронавирус инфекциясын 59 миллион 124 миң 16 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 37 миллион 848 миң 542 бейтап айыгып чыкса, тилекке каршы, 1 миллион 395 миң 519 адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Анда ооругандардын жалпы саны 12 миллион 411 миң 267 болду. 257 миң 651 адам каза болсо, 4 миллион 633 миң 600 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 9 миллион 139 миң 865 адамдан аныкталды. 133 миң 738 адам каза болсо, 8 миллион 562 миң 641 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 6 миллион 87 миң 608 адам вируска кабылган. 169 миң 485 бейтап көз жумса, 5 миллион 481 миң 184 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.