Орусияда сутка ичинде 15 миңден ашык адамдан коронавирус аныкталды

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 15 миң 150 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 232 адам каза болсо, 8 миң 485 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 5049 (айыккандар 1803);

Санкт-Петербург - 647 (айыккандар 322);

Москва облусу - 448 (айыккандар 260);

Ростов облусунда - 285 (айыккандар 210) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 1 миллион 369 миң 313 адамдан коронавирус аныкталды. Анын ичинен 23 миң 723 адам каза болсо, 1 миллион 56 миң 582 бейтап айыгып чыкты.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан