Биз социалдык тармакта

1-декабрдан тартып Бишкектеги кинотеатрлар ачылат

Өлкөдө кинотеатрлар жана фудкорттор (соода борборлорундагы тамактануучу жайлар) 1-декабрдан тартып ачылат. Бул тууралуу Бишкек шарынын мэринин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев айтканын мекеменин маалымат кызматынан кабарлашты.

Ал эми Балбак Түлөбаев кинотеатрларды ачуудагы эрежелерди түшүндүрдү. Айтымында, зал 100 пайыз эмес 50 пайыз көрүүчүлөргө толуп, аралык сакталат. Мындан тышкары театрлар дагы ачылары күтүлүп жатканын билдирди. "Кинотеарларды, театрларды ачуу боюнча өкмөттүн токтому бар экен, ошол токтом өзгөрөрү менен ачабыз, балким 1-декабрга чейин ачылып калат", - деди мэрдин милдетин аткаруучу.

Буга чейин кинотеатрлар 19-ноябрда ачылары айтылып, маселе өкмөттө каралып жатканы маалымдалган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан