Өлкөдө кинотеатрлар жана фудкорттор (соода борборлорундагы тамактануучу жайлар) бүгүн, 19-ноябрда ачылары күтүлүп жаткан. Республикалык штаб бул маселе дагы деле каралып жатканын маалымдады.
"Азыркы учурда кинотеатрларды жана фудкортторду ачуу маселеси өкмөттө каралууда. Аталган жайлар республикалык штаб тийиштүү чечим кабыл алганда гана иштеп баштайт", - деп кабарлашты штабдан.