Биз социалдык тармакта

Маршруттук таксинин айдоочусун жемелеп, ур-тепкиге алган аял менен айдоочу милиция бөлүмүндө жолукту

23-ноябрда социалдык тармактарга маршруттук каттамдын айдоочусун жүргүнчү аял тепкилеп, уят сөздөр менен сөгүп жаткандагы видео жарыяланган.
Кийин м
аршруттук таксинин айдоочусун айда деп тепкилеген окуя Бишкек шаарындагы 193-маршруттук таксиде болгонун Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришкен.

SUPER.KG порталы бул окуяга кабылган айдоочуну таап, аны менен баарлашкан. Айдоочу аны жемелеген аялга каршы арыз жазганын жана ал боюнча иш 25-ноябрда караларын айткан.

Бүгүн кайрадан №193 маршруттук таксинин айдоочусу Абдибаитов Залкарга байланышканыбызда, ал аял менен жолукканын айтты.

"Бүгүн Свердлов райондук ички иштер башкармалыгына бардым. Ал жактан салондо чыр чыгарган баягы аял менен жолуктум. Көрсө, ал "Дордой" базарында соодагер болуп иштейт экен. Дагы деле кепке-сөзгө келбей жатат. Ал эми тергөөчү аялды мыйзамдын чегинде жазалайбыз деди. Экөөбүздү дагы чакырат экен", - дейт айдоочу.

SUPER.KG порталы окуя боюнча экинчи тараптын да оюн угуп, жарыялоого даяр.

Жүргүнчү айдоочуга кол салды
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Nina.alex
2020-11-25 19:21:18
Дагы эле тырындап атканы чатак экен
+21
Jelezo
2020-11-25 19:48:56
Мыйзам баарына бирдей жазасын алсын.
+18
Daniel8885
2020-11-25 19:51:53
Эжеше деловой акчасы коп экендааа..акча козун кор кылган..бул тирик уйундо да жездешканы токмоктобосо болду
+18
NURSAPAR
2020-11-25 20:30:40
Аркы эркекти кошо камагыла
+18
Zimzimemir
2020-11-26 08:42:02
Машрут айдагандар бир кун иш таштоо кылыша могу аял мн ктшиге окшогондордун манкасы куйулуп суукта машуруп кутконун кород элек,ошончолук кыйынкен такси чакырып кетишпейби
+5
omka100514
2020-11-26 08:58:12
Базарда эле иштейт экенго, мынча шашылнан тезиреек айда деп. Как-будто мамлеткеттин ишинде иштеп бир нерсени оззгоруп ийе тургандай шашылып, атырылып ошончо элдин козунчо, кемсинтип айдоочуну. Шашылса такси ошончо
+8
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан