Маршруттук таксинин айдоочусу айда деп тепкилеген окуя Бишкек шаарындагы 193-маршруттук таксиде болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына Бишкек шаардык мэриясынын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Видео 193-кичи автобус каттамында тартылган. Маршруттук таксинин айдоочусу Абдибаитов З.А.нын айтымында, жаңжалды жүргүнчү аял баштаган. Ал кыймылды тездетүүнү же салондогу адамдардын бардыгына акчаны кайтарып берүүнү талап кылган. Андан кийин ал күч колдонуп, айдоочуну бир нече жолу уруп, орой сөздөрдү сүйлөп, өзүм билемдик менен акча алган.
Жүргүнчүлөрдү ташуу эрежелерине ылайык, коомдук транспорттун жүргүнчүлөрү айдоочунун ишине такыр жолтоо болбошу керек. Маршруттук таксинин айдоочусу Свердлов РИИББине арыз жазды", - деп билдиришти мэриядан.
Буга чейин социалдык тармактарда маршруттук таксинин айдоочусун тепкилеген аял кишинин видеосу тараган.