Биз социалдык тармакта

Унаасынын кубатын сынап машинасын тепкичтин үстүнөн айдаган айдоочу милиция бөлүмүнө алып келинди

Тепкичтерди автоунаасы менен талкалай айдаган жаран тергөөгө алып келинди. Бул тууралуу Ош ШИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Бүгүн, 26-ноябрда социалдык түйүндөрдө Ош шаарында унаасы менен тепкичти талкалай айдаган айдоочунун видеосу тараган.

Маалыматка ылайык, аталган жарандын аты-жөнү аныкталып, бейбаштык жасагандыгы үчүн Ош ШИИБинин тергөө кызматына алып келинди.

"Учурда иликтөө иштери башталды. Алып келинген айдоочу 33 жаштагы Ш.С. аттуу мурдагы ички иштер органынын кызматкери болгон. Акыркы жолу Ош облустук ички иштер башкармалыгында иштеп, 2016-жылы кызматтан кеткен.

Ал Гранд-Чероки үлгүсүндөгү унаа менен адамдар чыгуучу тепкичтерди талкалай айдап, коомго жат көрүнүштү жасаган. Тергөө кызматы окуяны иликтеп көрүп, тиешелүү жыйынтык чыгарат", - деп жазылат маалыматта.

Учурда келтирилген чыгымдар эсептелүүдө.

Эскертүү: видеодо сөгүнгөн сөздөр бар.

Ошто тепкичти талкалай айдаган айдоочу
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Raihan0602
2020-11-26 18:45:00
Тепкичти кайра башынан жаңы жасап чыксын ээнбаш.Дагы айып салдык деп коё бербегиле
+7
NURSAPAR
2020-11-26 19:10:01
Нең дурайын эшектер. Жанындагысын кошо төлөткүлө. Малга окшогон , тарбиясы жок акмактарды.
+6
faraon312
2020-11-26 19:23:53
Жашың деле бир топко барып калыптыр.. Бет деле жок экен..
+5
nur...nur.
2020-11-26 20:28:31
Штрафты 50 60 мин кылып салып озун 15 кунго камап салсанар ошондо эсине келер
+3
Alixan-Nookat.2015
2020-11-26 23:06:49
Тепкичти нолдон жаңы кылып жасаткыла эшекти, шаар тургундарынан кечирим сурасын.Ушундай адамдарга таң калам чоң эле балдар эмне булардын мээси тоок мээби?
+3
baku24
2020-11-26 23:34:12
Акчасы кобойуп коздорун май басып калыптыр го. Ошо тепкичтерди жаныдан жасап, бейбаштык жасаганы учун штраф толосун. Болбосо ушундай кылса боло берет деп жаштар ушуларды туурап чыгат
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан