Талды-Суу айылынын тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн обсервацияга алынды. Бул тууралуу республикалык штабдан билдиришти.
"1985-жылы туулган Түп районунун Талды-Суу айылынын тургуну үй карантининин эрежелерин бузгандыгы үчүн облустук бириккен ооруканасынын обсервациясына алынды. Аталган жаран COVID-19 илдети аныкталган чет мамлекеттен келген жүк ташуучу унаанын айдоочусу менен контактта болуп, 7-майда үй карантинине жиберилген. Бирок 17-18-майда үй карантининин эрежелерин бузгандыгы аныкталган.
Учурда облус боюнча 1 миң 803 адам үй шартындагы карантинде жана 141 адам обсервацияга алынган", - деп жазылат маалыматта.