Бүгүн, 3-декабрда республикадагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна Нива үлгүсүндөгү 19 санитардык унаалары тапшырылды. Бул тууралуу Саламаттыкты сактоо министрлиги билдирди.
Аталган иш-чарага саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев, министрдин орун басары Нурболот Усенбаев жана башка бир катар жетекчилер катышты.
Маалыматка ылайык, бул унаалар Дүйнөлүк банктын COVID-19 долбоорунун алкагында сатылып алынды.
“Баарыбызга белгилүү болгондой, коронавирус пандемиясы башталгандан тартып саламаттыкты сактоо системи чоң сыноолорду башынан өткөрүп келе жатат. Техникалык-материалдык каражаттардын эскилиги жана тартыштыгы негизги маселе болду. Бүгүнкү тапшырылып жаткан унаалар медициналык кызматкерлердин ишин жеңилдетип, жер-жерлерде эпидемиологиялык иликтөөлөрдү ыкчам жүргүзүүгө өбөлгө түзөт деп ишенем”, - деп билдирди Алымкадыр Бейшеналиев.
Бөлүштүрүү планына ылайык, санитардык унаалар Ош шаарындагы жана Нарын, Ысык-Ата, Панфилов, Кемин, Жети-Өгүз, Тоң, Токтогул, Кара-Көл, Кара-Буура, Таш-Көмүр, Ак-Суу, Сузак, Тогуз-Торо, Чаткал, Кызыл-Кыя, Алай, Өзгөн, Чоң-Алай райондорундагы Оорулардын алдын алуу жана мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөлдөө борборлоруна таратылып берилмекчи.