Ноокат аймактык ооруканасынын башкы дарыгерлеринин бири Айчүрөк Келдибекова мезгилсиз дүйнөдөн кайтты. Бул тууралуу коомдук саламаттыкты сактоо башкармалыгынын башчысы Айнура Акматова брифингде айтты.
Маалыматка ылайык, Айчүрөк Келдибекова 55 жашта болчу. Ал көп жылдар бою медицина тармагында эмгектенген. Өз кезегинде Айнура Акматова Айчүрөк Келдибекованын жана Бишкек шаарындагы обсервацияда ыктыярчы болуп иштеп жатып каза болгон Адинай Мурзабекованын жакындарына көңүл айтты.
Бүгүнкү күндө өлкө боюнча коронавирустан жалпы 160, пневмониядан 571 бейтап каза болду.