"Менин жерим" рубрикасынын бул жолку чыгарылышында Нарын облусунун Жумгал районуна караштуу Өрнөк айылы тууралуу сөз болот.
Өрнөк айылы Жумгал районунун Кабак айыл аймагына кирет.
Адатта Нарында жайында салкын, кыш мезгилинде аябай суук болот. Мындай шартта жылуу климатка көнгөн дарбыз, өрүк, жана башка жашылча, жер-жемиштерди эң суук делген аймакка өстүрүү ойго келбеген нерсе. А бирок Өрнөк айылында дарбыз, коон, өрүк, алча, алма, баары өсөт.
Өрнөктө Хан Салык деген тоо бар. Айыл аксакалдары бул тик зоого илгери хан болуп турган адам элден чогулткан салыктарын сактаганы тууралуу айтып келишет. "Азыр бул жерге эч ким чыга албайт. Ал жерде алтын сакталышы мүмкүн", - дешет айыл тургундары.
Өрнөк айылынын дагы бир көзгө урунган жерлеринин бири - бул муз тебүү аянтчасы.
Жайкысын кыштак эли тоонун үстүнө жайлоого чыгат. Жайлоо дегени менен, ал жер тоонун үстүндөгү коктулар. Бул жер Корум төр деп аталат.
Дал ошол жайлоодон түшүп келе жаткан жерде шоколад жыттанган гүл өсөт экен. Аны айыл эли шоколад гүлү деп атап алышкан.
Өрнөктүн ортосун Көкөмерен суусу бөлүп өтөт. Кире беришинде Маринка деген жер бар. Көкөмеренде фарель, маринка деген балыктар бар.
Айылда бала бакча дагы иштейт. Бактылуу балалык көз ирмемдери.